түкүр
- Шилекейди же ооздогу башка шилекей аралашкан нерселерди оозунан чыгарып таштоо.
- Бүбү, бакшы, дарымчылар оозундагы сууну бүркүү жолу менен ооруну дарылоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
суурушуп, / Жан кыйнашып урушуп, / Олпокторун булушуп, / Үзүп-жулкуп жыртышып, / Үзүлгөнүн ыргытып, / Бар сайманын иштетип, / Ээрдин кесе тиштешип, / Алаканга түкүрүп, / Кар жанга күч келип, / Кара бойдон аккан тер, / Саздак жердей чылпылдап, / Ылайланып топурак, / Ат алдында былчылдап, / Титирек кирди Көкбөрү, / Бүткөн бойу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
жакадан, / Жакалашып тартышып, / Тамандашып тебишип, / Этектен орой кармашып, / Барлык күчүн арнашып, / Ээр кашына орошуп, / Алалбай аттан түшүрүп, / Алаканга түкүрүп, / Жакаларын жыртышып, / Кемерлерин үзүшүп, / Ат үстүндө сүзүшүп, / Мурундун каны тамчылап, / Кеңкула менен Тармалкөк, / Ат айабай камчылап, / Ажырата тарталба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Буруттун малын ал дешип, / Абылтай деген бар эле, / Жетимиште чагы эле, / Карылыкка жөлөнүп, / Жаадай бойу бүгүлүп, / От жанында олтурчу, / Сакалына түкүрүп, / Алты ай жатты былк этпей, / Азабын айтып кыңк этпей, / Абылтайды өлүмгө, / Калмактын эли баалаптыр, / Барбы жокпу Абылтай, / Эсепке муну албаптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ка бел, / Бул Кутургур капырың, / “Маа теңелип Семетей, / Кезегимди берди, — деп, / Бир сайуудан чыгарбай, / Семетейди жейин” деп, / Бар күчүн жыйнап бойуна, / Түкүрүнүп колуна, / Табарсыктын башы деп, / Болжоп абаң боруна, / Алдындагы тосурду, / Тартып ийип борбуйга, / Мадыкүл деп бакырып, / Бадыректин үнүнөн, / Как айрылып ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Колундагы күрзүнү, / Түкүрүнүп карманып, / Келе жатат Эленкыр, / Чабууга кайра айланып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →