түктө

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Тышкы кабыгынан ажыратуу (мис. арпаны).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Уруштуу күнү аттарга, / Куйрук менен май берип, / Сары арпаны түктөтүп, / Балтыр атка жүктөтүп, / Ала жүрчү адаты, / Жой болотун, тинтесин, / Бүкмөсүнөн бүктөтүп, / Арттырып төөгө жүктөтүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сары арпаны түктөткөн, / Балтыр атка жүктөткөн, / Казатка минчү аттары, / Кара бойу чапталуу, / Кандагайга капталуу; / Тулку бойу күймөлүү, / Туйагынан башкасы, / Баары күмүш күймөлүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канатым сынып бүктөлдүм, / Кара арпадай түктөлдүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ашкананын түбүндө, / Соку таппай түктөөргө, / Кууруп койгон арпа бар, / Баарын жебей ченеп же, / Эси оогандай жөөлүбө, / Сага болот ким жеңе? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сары арпаны түктөгөн, / Балтыр атка жүктөгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →