түксүй

китептерде 6 жолу
  1. Беттен түк чыгып же үрпөйүңкү көрүнүштө болуп көрүнүү, чачы иретсиз үрпөйгөн кебетеде болуу.
  2. өт. Ачуусу келүү, каарданган кебетеде болуу, кабагын бүркөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Карпыктын өзү кырк-тын ары жагына кеткен, чокчо көк-ала сакал, көзүнүн ары жагынан арамдыгы көрүнүп турган сүйкүмсүз, түксүйгөн сары киши. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Байболоттун иши бүткөндөн кийин пристав мурутун чыйратып түксүйүп, бир аз ары-бери басып турду да, бир кезде өтүп баратыщ жаңкы биздикинен келаткан жолоочуга жасоолдорду жаңдап өттү эле, жаланып турган ойрондор турабы — жабыла минди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эгер ушу мүнөттө менин колумдан келсе, канча болсо берип, мынабу түксүйгөн, ырайымсыз, дүнүйөкөр, ачкөздөн бечара дуңганды бошотуп алышка, өзүмдү даяр эсебинде көрүп турдум. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бул жерге келгенде, приставдын сөзгө жыгылып калган белгиси сезилип калса да «бул иттерге сыр алдырбай, катуу туруш керек» дегендей болуп, ачууланып, түксүйүп, бардык күчүн сыртына жыйып турду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Экинчи көчөгө түшкөндөн кийин бир короого кирсек, кожоюну жылаңбаш чыгып келип, эшигинин алдына чендетпей туруп, түксүйүп: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →