түйүнчөк

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Ичине бир нерсе оролуп байланган түйүн, түйүлүп, сыртынан оролуп байланып коюлган кичирээк таңгак, кичинекей таңылчак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ылчу, / Жаадыкөйдү калтырбай, / Канык билчү Алмамбет, / Касийде менен сыйкырды, / Анык билчү Алмамбет, / Агы менен карын, / Айра билчү Алмамбет, / Кол башындай түйүнчөк, / Колуна алып имерип, / Дубалап күндү жиберип, / Булуттун баарын бурултуп, / Бурганак мөндүр куйултуп, / Алай-дүлөй борошо, / Бөрүдөн бетер улутуп, / Турган ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аруукеден угуп кеп, / Сүйүнүп кетип Алмамбет, / Сүйсөң бала бергин, деп, / Алтын кемер ботокур, / Кол башындай түйүнчөк, / Кошуп ага берген, деп, / Аруукеден туулбай, / Кытайдан алган соогага, / Эсен хан кызы бир Мыскал, / Ошондон эркек туулган, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эки канат бүктөлүп, / Түйүнчөк болуп түйүлүп, / Канатынан куу чыгып, / Шуулдаган үн чыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сага айтканым кайиним, / Түйүнчөктүү жерим бар, / Мен учарда жер чардап, / “Амал кыла келгин” – деп, / Өзүң айткан кебиң бар, / Унутуп калбай эсиңе ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ал кардуу бороондо келип тыгылган күчүктөй, эки колун бир-биринин чыканагына чейин жиберип, түйүнчөктөй болуп, менин жаныма бүрүшүп калыптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →