түйүн1
- Жиптин, жоолуктун ж.б. байланган, түйүлгөн жери.
- Жолдордун, байланыш каражаттарынын ж.б. кесилишкен, топтолушкан жери.
- өт. Кандайдыр бир иштин, шарттын, сырдын ж.б. топтошкон жери негизи, маңызы, сыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Каары катуу хан Калдык, / Кылычты шилтеп ийгенде, / Такыр баш болгон Айчүрөк, / Четке чыга бергенде, / Калдык чапкан ар кескен, / Бекбача түшкөн көп тордун, / Түйүнүнө тийгенде, / Чириген бөздөй баарысын, / Таарып өтүп кетти эле, / Бекбачада тору жок, / Майтору менен калды бош.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көктеке үнүн угуптур, / Түйүнүп Чубак чыгыптыр, / Чубактын келип жанына, / Улутунуп туруптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чойтолоң такка мингенде, / Колуна хандык тийгенде, / Куткарбастан күмөнсүп, / Арамдык ичке киргенде, / Сейитиге жалбарат, / Түркүн түйүн сөз табат, / Сейитини алпарып, / Куткарбаска бир салат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Таласка кбар кылайын, / Айчүрөк, Гүлүс угаар, — деп, / Амалын мунун кылар, — деп, / Каныкей, Бакай угаар, — деп, / Кандайда болсо түйүнүн, / Карылар чечип чыгаар, — деп, / Шер Сейтек келер, — деп, / Баласын көрсө абакем, / Кетпей калар бекем?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Экинчи күнү жашынганда Чыныбекти Айымсулуу колундагы ийнесинин саптаган жиби учундагы түйүнгө кошо түйүп жашырды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →