түйшүктүү

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Убарасы, кыйынчылыгы көп, мээнети көп, азаптуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жетер-жетпес болгондо, / Күүсү менен найзанын, / Тумактай учуп кеткени, / Эми сайса өлөт, деп, / Жарык күн кайдан көрөт, деп, / Шер Гүлчоро жеткени, / Түйшүктүү чочко капырдан, / Алымсарык баланы, / Ажыратып кетти эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Түйшүктүү жоого барамын, / Түртүшүп калба саламын, / Сунбатына чыдабай, / Уккандын баары суктанган, / Кылжыкедей сулууну, / Соогатыма аламын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сулаймат угуп бул сөздү, / Ачуусу келип үксөйүп, / Тапмак болду түгөнгүр, / Түйшүктүү кыйла жумушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Түгөнүп калган хан Коңур / Түйшүктүү туулган оңбогур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жайлоого көчүп, бир ашып, / Кыштоого көчүп, бир ашып, / Аламдын татаал белинде, / Жашым жетип он бешке, / Издеп келсем бул жерге, / Таанышканча эл менен, / Түйшүктүү болдум бир демде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →