түйрүк

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Эрди калың жана сыртын карай имерилген, түйрүйгөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ээрди түйрүк кең курсак, / Кең көкүрөк шум дагы, / Желмогуз чыкты деп уктум, / Калтырбай баарын мен уктум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Канкордун уулу хан жездем, / Мен уккамын карыдан, / Эрди түйрүк кең курсак, / Ногойлордун баарынан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Өзү далысы бир кез келген, болук, дордок бет, эрди түйрүк, кабагы бийик, кыпкызыл көзүнүн ары жагынан эрдиги жайнап тургандай неме эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →