түйдөк
- Ийрүүгө ылайыктап созуп, тоголоктоп койгон жүн.
- Буудак-буудак, топ-топ болуп уюлгуган, түрмөктөлгөн абал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көзүнүн жээги ириңдеп, / Жыгылып-кооп баса албай, / Бөкчөйүп бели бүжүрөп, / Кемпир калды бул шаарда, / Түйдөктөшүп сакалы, / Алынбай арка чачтары, / Төрт эли топо каштары, / Чалдар калды бул шаарда, / Каңгай, манжу ылганып, / Жаштар кетти ыраакка, / Алсыздар калды бул шаард…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ып болгунча, / Эси кеткен эндиреп, / Эчтемеке кирбей кулака, / Жыгылчудай сендиреп, / Чигитей атын укканда, / Бериштин кеби чыкканда, / Акактай бети кызарып, / Түйдөктөшүп кирген чач, / Тарабай чачы узарып, / Күлгүн тартып беттери, / Күн тийгендей тунарып, / Жарылып жүрөк кетчүдөй, / Торгойго кирди кубаныч, / Жаңы талдын чырпыгы,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күлдүрдүн уулу Алыбай, / Ырчы уул, Бозуул, Шууту бар, / Караногой эр Мажик, / Кашында бирге Сыргак бар, / Басташканын койобу, / Баары өңкөй шылуундар, / Көкчөкөздү кармады, / Колу-бутун байлады, / Түйдөктөй кылып жаткырып, / Минтип ишин жайлады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Чачыкейди караса, / Мас болгондой шалкылдап, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын карап кылчайып, / “Акыр-чикир келгин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сен намыскөй экенсиң, / Карахан менен Темирхан, / Шаатемир-үчөө бир тууган, / Түйдөк баш эжең Чачыкей, / Шаатемирден туулган, / Ал Канчорого тийгенде, / Бул намысың кайда эле?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →