түзө

китептерде 21 жолу, 9 китепте
  1. Тегиздөө, уңкул-чуңкул жерлерин түздөө.
  2. өт. Тартипке салуу, оңдоо, түзүгүрөөк кебетеге келтирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кененим сенин чоң атаң, / Бул дүйнөдөн көчүрөм, / Кененим атын өчүрөм, / Күмбөзүңдү түзөтөм, / Өнөрүмдү көрсөтөм, / Таласыңды таш кылам, / Коргонуңду түз кылам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кароолу дажаал, огу ажал, / Түтүнү туман, түбү испан, / Бургулап ичин түзөтөм, / Аткан огу жөн учпай, / Ажалдуу жанды издетем, / Тушагасы бир темир, / Тийген жери бир сеңир, / Чагарак ооз Алмабаш, / Ыңай-тура ылгабас, / Асынып жүрсө Аккелте, / Ай далынын белеги, / Атып жүрсө Аккелте, / Аманат жандын эрмеги. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жыгылды Чанак дүп этип, / Сейитимди качырды, / Минген керки корк этип, / Сейитимди сүзөм деп, / Дөбөнү сүздү качырып, / Торопойун тоздурду, / Ал дөбөнү түзөтүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ну чоң тоого, / Кирип кетти карабай, / Тоого далай кеп кылды, / Кара дөө чыдап туралбай, / Тоодон кабар болгон жок, / Кара дөө чыдап туралбай, / Талкалап тоону түзөтүп, / Таап алам деп абамды, / Талкандап тоону кулатты, / Зоңкойгон зоону уратты, / Жолум үйдөй чойун баш, / Жок калды де жойулуп, / Алакан сөөгү көрүндү, / Кол те… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кыл менен ичин жышыды, / Ичин майлап түзөдү, / Колу менен сүрдү эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →