түзүк

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Жакшы, дурус, жаман эмес, жакшы дээрлик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түзүк киши эмес деп, / Кантсе ушу Каракөз, / Ачык сырын билем деп, / Аттуу туруп эшиктен, / Каракөздү чакыр деп, / Карап турду Калдык хан, / Шектенип калган Каракөз,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мөңкөтай деген немеле, / Элден чыккан илегер, / Сынык менен түзүктү, / Сокур менен бучукту, / Ич оору менен өтмөнү, / Өпкө оору менен өзгөнү, / Эркек эмес катынды, / Ооругандын баарыны, / Эбин тапкан эр эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ргак баратат, / Болушунча камчылап, / Алдындагы Телкызыл, / Борбуйдан тери тамчылап, / Аралык алыс көп күндүк, / Ээр белес кез болсо, / Эргитип ашып баратат, / Түзүк жерде чуу койсо, / Аркасында чаң калат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Отуз миң бай конокко, / Келген элдер топ болуп, / Үй башы сайын конот го, / Отуз бээси туугандар, / Түзүктөн конок кыла албай, / Уйат кылып койот го. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Былтыр кичине түзүк эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →