түздө

китептерде 35 жолу, 8 китепте
  1. Тегиздөө, уңкул-чуңкул, өөдүк-сөөдүк жерлерин оңдоп, тегиз абалга келтирүү, түзөө.
  2. Белгилүү бир чекитке карай түз багыттоо, багыт алдыруу, түз абалга келтирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лдың, / Маа бергениң он алтын, / Араң жүргөн адаммын, / Ашыгып кайдан табармын, / Таштап берип колуна, / Ажыкең түштү жолуна, / Арпа менен зырылдап, / Айнектей түздө дырылдап, / Үзүктүн белин ашыптыр, / Көрпөтоолоп басыптыр, / Чатыркөлдү кылаалап, / Кең Аксайды аралап, / Көбүргөндүн Корумташ, / Келинтайгак бел ашып, / Тарак… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайыпчынын тоосу деп, / Үстү арсак аппак тоо, / Этеги кырка кызыл зоо, / Салаңдап келген тумшукта, / Туташкан түздө урчукта, / Керкилеп кертип чапкандай, / Жиптен керип тарткандай, / Зымылдаган зоо эле, / Зоону түптөп келатып, / Жоголуп кетти бир демде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Төөчүлөрдү түштүккө, / Түздөп жолго салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Айкын түздө мен калдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ысыкта жоон топ киши береги бир учкыйыры жок түздө суу бойлоп айдалган апийимди кесип жүрөбүз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →