түгөнгүр

китептерде 124 жолу, 8 китепте
  1. Жемелөөнүн жумшагыраак түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каңгайлардын Саранжа, / Башы бышкан түгөнгүр, / Канча карчаш мындайда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түбүбүз бирге эмесби, / Бу түгөнгүр меники, / Кубатай менен Ырыскан, / Кимиси жеңип ким алат, / Урушуп жатса ал экөө, / Талап алсаң жедигер, / Атага наалат ат калат, / Өзүңө калат жаман ат, / Сабыр кылып байкап тур, / Айагы болот кандайрак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Найза, кылыч, чойун баш, / Кетелек менен сом темир – / Баарысын билет түгөнгүр, / Мылтык атып, жаа тартып, / Баарын билет Талана. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аңгычакты караса, / Жерге кирген Макил дөө, / Мас болгон нардай зенгиреп, / Келе жатат түгөнгүр, / Жерди карай кенгиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тоодой болгон түгөнгүр, / Хан Кыйаз турат тобунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →