түгөлдө
- Бир нерсенин толук же толук эместигин билүү үчүн санап чыгуу, көз алдынан өткөрүү, түгөл экендигин аныктоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Барабанды кагалы, / Эл түгөлдөп алалы, / Кыйын болсо кытайлар, / Кыргызды качты деп калар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ушул түндө Бурмаке өмүрдө көргөнүн түгөлдөп, ойлоп олтуруп, чарчап кеткендей болуп көрүнүп турду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →