түгөл
- Толук, бүт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ноңпа деген жер келди, / Түгөл кыргыз эл келди, / Таптакыр чаап жөнөдүк, / Түп көтөрө бул элди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арамзада Тайталаң, / Жалгыз эрдин үнү, деп, / Бир кишиден башкасы, / Түгөл кыргыз өлдү, деп, / Ордосуна кирем, деп, / Өзүм барып келем, деп, / Кандайлыгын билем, деп, / Желип келет элеңдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Шол төртөөнү баш кылып, / Кыркын түгөл байлап кел, / Алдыңа салып байлап кел!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Жолуңар болсун...— деди Шадыкан, биздин тула боюбузду түгөл карап алып.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Сабырдуу байбиче күл азык камдап, уулуна уламадан укканын баяндап түгөл айтып, батасын берип, Алтын-Көлгө жөнөттү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →