тыңша
- Кунт коюп угуу, жакшылап угууга аракеттенип кулак салуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атпай журт, сага айтаарым, / Кулак салып тыңшасаң, / Эртең күнгө шаршемби, / Аттанып үйдөн чыкпасам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Шоорук айтып токтолду, / Кубатай менен Ырыскан, / Муну тыңшаган киши жок болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…башчы дагы бар, / Баатырдын айткан кебине, / Такалып баарың калдыңар, / Көп сүйлөйт деп Малдыбек, / Күдүңдөшүп калбаңар, / Узунбу, кыска сөзүмдү, / Мен айтайын тыңшаңар, / Кыйгачыбы, түзүбү, / Кыйынсың баарың сындаңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Мемиреген коюу караңгы түн алда кандай бир нерсеге түшүнө албай жаткандай бирдемени тыңшап тургандай болот.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анын сайраганын уккан эл тыңшап эле олтургусу келип, таң калышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →