тыңдуусун

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Өзүн тыңыраак, мыктыраак көрсөтүүгө аракет кылуу, тыңсынуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Короодон кармап кой сатпай, / Кийимди кийди кыргыздар, / Өз элинен кыз жакпай, / Сулуусун алды кыргыздар, / Минерине ылгатып, / Тыңдуусун алды кыргыздар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жолборстук сыны тарады, / Жолдошторун сынады, / Арстандык түрү тарады, / Азаматтарын сынады: / — Жаактууда жанашпас, / Таалайың адам талашпас, / Тыңдуусунуп тиркешип, / Тилдүүдө бирөө тыйа албас, / Арзандык менен бул тонду, / Кыргыздын уулу кийе албас, / Бий болдуңуз, ажым, — деп, / Бийлик тонду алың, — деп, / Кыпк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кишинин баарын пас көргөн, / Тыңдуусунган неме эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мылтык атар ыктуусун, / Жазбай атар мыктуусун, / Жан айабас тыңдуусун, / Бир сап кылып бөлдү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →