тыңдуу
- Түзүк, тың, көңүл тынарлык, тыңгылыктуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…элдин ичинде, / Найза сайар мыктуу бар, / Балта чабар ыктуу бар, / Чокмор менен шыктуу бар, / Мылтык аткан мерген бар, / Жаага огун керген бар, / Сойулга андес тыңдуу бар, / Билеги жоон балбан бар, / Бири онду жеңген бар, / Ала көөдөн дардаң бар, / Ар бир кылда адам бар, / Капкачандан бер жакка, / Бук болуп жаткан кыргыздар,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баканга кебез байлады, / Эр жагында капшытка, / Түндүктөн учун чыгара, / “Баланчада каруу бар, / Балан катын эптүү» – деп, / Эл кетпей турду шыкаалап, / Тыңдуулап бирден шыйгарып, / “Карышып колум кетти” – деп, / Улам бирден тыңдалып, / Эр азамат катындар, / “Мына эми түшөт” – деп, / Анталашып жатышты, / Аз болгондо Чыйы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…өп айтты, / Манастын атын көп айтты, / Сейити атым деп айтты, / Канчыкты кармап алам, деп, / Көрсөтүп кызды мага айтты, / “Тийишпесе тийбеймин, / Тийишип калса тыңдуусуп, / Ким экенин билбеймин” / Үкүс кебин жана айтты, / Анын айткан кептери, / Кара жанды кашайтты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айтып баргын Кутубай, / Таталаң калмак Каңгайда, / Иле бойлоп түшпөсүн, / Жылкыны алып кетпесин, / Тыңдуулап алып балдардан, / Кара дөө жолду күзөтсүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Канчородон мыктуусуп, / Мында келдим тыңдуусуп, / Канчородон кырдуусуп, / Суудан кантип өтөм — деп, / Уйалбай кантип кетем — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →