тың1
- Жүргөн-турганы, кыймыл-аракети шамдагай, тыкан, чыйрак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Томолотту атынан, / Тоодой болгон Дөнөнү, / Манастын уулу Асылдай, / Мындай тыңды ким көрдү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайраттууң ким, тыңың ким?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үч которуп сакчыны, / Агарып сүрүп таң чыкты, / Айбаттанып Айжаңжүн, / Тоодой караан кан чыкты, / Арт жагынан бороондой, / Уйулкуган чаң чыкты, / Атагы алаш жагынан, / Сыргак деген тың чыкты, / Ылайык келсе барсам деп, / Ынтылып турат көп мыкты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күндү түнгө улады, / Түндү күнгө улады, / Түгөнгөн Токой тың экен, / Дем албай кетип баратты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жайдак болбой бардык нар, / Төө жабуу салып комдонсун, / Самсаалатып чачысын, / Четине жибек тор болсун, / Буйласы калай, жез чынжыр, / Кем-керчиси болбосун, / Үчтөн төөгө бирден тың, / Жүк артарга уул болсун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →