тышта

китептерде 39 жолу, 9 китепте
  1. Кийимдин сыртын жасоо, тыш каптоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Толук эмес, кеми бар, / Тыштан кийер тону жок, / Атылган октон шеги бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ачса көйнөк Гүлчоро, / Арасында сүрөт бар, / Сүрөткө кошкон каты бар, / Айчүрөктүн аты бар, / Баарын көрүп Гүлүстөн, / Сейтек жаткан бир үйгө, / Таштап койуп сүрөттү, / Билмексен болуп Гүлчоро, / Байкап тыштан күзөттү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ “Келиптир менин багым — деп, / Семетей тышта болгондо, / Тийбейт эле чагым” — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Тышта кутурган бороон карды челип, ыргытып турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Тыштан кайра келсе, баягы камыры бала болуп калыптыр. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →