тышкы
- Сырткы, сырт жактагы, тыш жактагы, ич арадагы эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көргөн адам өлгүндөй, / Ким көргөн мындай жумушун; / Сол жагында бирөө бар, / Кылы тайкы кулун жал, / Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, / Мингени сулуу жылкыдан, / Тышкы жүнү кызылдан, / Туулгасын кырдаган, / Найзасын оңдоп ыргаган, / Кызыл чийки өңү бар, / Капыстан чыккан качырып, / Ак жолборстой түрү бар, / Канатын ийип асман…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түндөсү күйүп жер жарып, / Тышкы бетин ыш алып, / Же өчүрүп койгон чыракбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кирип чыгар жеринде, / Ич жагын зоону сыйдалап, / Будур-судур тышкы бет, / Көзгө көрксүз жаман таш, / Эп келтирип жасаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эшикте турган жигиттер, / — Эрежебиз бойунча, / Тышкы кийимди чечкиле, / Эңкейип анан киргиле, / Мындай айтып ийди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ичине темир чаптаган, / Тышкы бети баары түк, / Парбар тери каптаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →