тыш

китептерде 103 жолу, 9 китепте
  1. Үйдүн же кандайдыр бир нерсенин сырткы катмары, сырткы бети, сырткы бөлүгү.
  2. Эшик тарап, көчө жак, короо жак.
  3. Бөлөк-бөтөн, башка, чоочун бирөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ичегиси иймелип, / Каны-жини аралаш / Жерге түштү сүйрөлүп, / Боолук салып мойнуна, / Калдык кетти сүйрөтүп, / Чакмакташтын тыш тонун, / Чечип Калдык алганы, / Кошуп алып найзасын, / Калдык кетип калганы, / Бүгүн эртең келет деп, / Калдыктын жолун тосоттоп, / Бекбача үч күн карады, / Ке… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Калмакка сунган найзаны, / Тартып алып Кененим, / Темирбекти муштады, / Ичеги-боорун аралап, / Омуртканын тышынан, / Найзанын учу чыкканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Серек, Сыргак жаш эле, / Сыргагым жылкы баш эле, / Тышка кебек алдырбас, / Улоого нокто салдырбас, / Өзү чыйрак бала эле, / Серегим боору таш эле, / Ача туйак малыма, / Алтымыш үйгө баш эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каракан кызы Каныкей, / Катындан чыккан уз эле, / Камка тондун тышы эле, / Ак калпак элге эне эле, / Ак олпок тонго жең эле, / Түркүктөй элге бел эле, / Акылдын чыккан кени эле, / Сүт урган көркоо Канчоро, / Эмчегин эмген дээр эле, / Кадырын суттун кыларбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Тамактан кийин тышка чыгып баратсам, Василий эшиктин алдынан колумдан кармап, токтотуп алды да, уйларды кайда кайтарууну түшүндүрдү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →