тырыш2
- Карышуу, бырышып, жыйрылган абалга келүү.
- Ынтаасын, кунтун коюп аракет кылуу, билүүгө, максатына жетүүгө умтулуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Киришип калган белем деп, / Чойуп койгон киши жок, / Тырышып калган белем деп, / Он беште отуз балбанды, / Тарткылачы, балдар, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Колдору күйүп бырышты, / Доо кетип билек тарамыш, / Ичин карай тырышты, / Билгени жок торгой кыз, / Мынчалык болгон жумушту, / Колу күйсө шыркырап, / Эми кандай болот, деп, / Беттешип турган бек затка, / Эки көзү чачырап, / Өзүнчө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңкалары чубалып, / Эми өлдүк бүт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…п, / Дайарланып турушту, / Оңой эмес билгенге, / Опсуз кыйын жумуш бу; / Сагынып калган жери жок, / Сай кашкалар урушту, / Балдарды көрүп кээ бирөө, / Тарамышы тырышты; / Чукул кирип келгенде, / Аламан койуп тиет, деп, / Кылычтарын суурушту; / Кужуру кайнап чогоолдор, / Куйкалары курушту, / Ойлоп турат эчени, / Короздой мойну…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тапан хан менен куткарбас, / Эки ханды колго алдым, / Тапан хандын элинде, / Элүү балбан зору бар, / Аз болгондо ар бири, / Он беш күндөн урушар, / Алтымыш эки ай болот, / Тарамышың тырышар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →