тырсылда

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Тырс-тырс эткен дабыш чыгуу.
  2. өт. Чыйрак, тыкылдаган тың кыймыл-аракетте болуу, тыкылдап бышык сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аркардай болуп көз жайнап, / Кулжадан бетер баш чайкап, / Тору ат кетип баратат, / Бекбачанын денинен, / Тырсылдап тери жарылып, / Сары суу менен кан агып, / Суу менен атка жармашып, / Жалы жыдып Тору аттын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…бүгүлүп, / Келиндердей жүгүнүп, / Кандыргалап бүгүлүп, / Катындан бетер жүгүнүп, / Бели ооруп зыркырап, / Тизеси жоруп тызылдап, / Тарамышы түйүлүп, / Муундары тырсылдап, / Чөйчөктөй көзү жайнады, / Минтип шору кайнады, / Антип–минтип кыйшаңдап, / Арстан Манас баашанын, / Чатырына барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
эле, / Керчти чойуп тартканда, / Эки далы биригип, / Кечирлери киришип, / Беттешип далы тийишип, / Талкаланып кетчүдөй, / Керчтин үнү кырсылдап, / Эшкен темир тырсылдап, / Жебенин боосу чытырап, / Үзүлгүндөй болгончо, / Күч келтирип тартуучу, / Анан жааны атуучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жаа темири кырсылдап, / Сынучудай тырсылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Желки болгон ээрдин жалап өзүн карай тырсылдап оттоп бараткан боз токтуну «киши» деп алып: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →