тырмыш

китептерде 14 жолу, 7 китепте
  1. Өйдө чыгууга же асылып жармашып турган жеринен түшүп кетпеске аракет кылуу, тырыша жармашуу.
  2. Бардык күчүн жумшап аракет кылуу, тырышчаактык менен аракеттенүү, тырышуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…чабышып, / Колтуктарын чойушуп, / Муштум менен койушуп, / Алы кетип шай калбай, / Акакташып соолушуп, / Жакалашып тартышып, / Олпокторун булушуп, / Койо бербей тырмышып, / Кемердей толгой кармашып, / Кекенишип жармашып, / Багалектен бурушуп, / Этектерин түрүшүп, / Далыдан чапчый кармашып, / Барлык күчүн арнашып, / Бирин- бири … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жыгылар болсоң тырмышпай, / Байгени анда бер!- деди, / Шыңкылдай берсең ушинтип, / Кыргыздан намыс кетпейби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чекчейип Тапак ченебей, / Найзасына тырмышып, / Өлөөр жагын элебей, / Шайманы кеткен болучу, / Кайраты калбай кенедей, / Кабыландын кара көк, / Кайраты жаштан бир бөлөк, / Отуз эки ат маштын, / Баарын билет, өнөр көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Дагы эки күн алышты, / Аттарын аса байлашып, / Кемерден аткый кармашып, / Аркасына сүрүшүп, / Этектен бурдай түрүшүп, / Чымдуу жерди коо кылып, / Дөкдүр жерди ой кылып, / Көйкөлгөн шибер тулаңды, / Кашкайган чыйыр жол кылып, / Булкуп-силкип ыргытып, / Ыргыттырбай тырмышып, / Эки күн өттү бул жумуш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бала ошого жетейин деп тырмышып олтуруп келсе, жети бөлмө там турат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →