тырмактай

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Кичинекей, кенедей.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…өкчөдөн, / Каргаша болуп айрылып, / Күн батыш алып маңдайга, / Тили кургап таңдайда, / Чыканак жерге салбастан, / Чырым уйку албастан, / Тирүүлүктүн кубаты – / Тырмактай даам татпастан, / Аты керт этип чөп жебей, / Чөп жесе да, көп жебей, / Эр кылт этип суу ичпей, / Көйнөгүн желпип бел чечпей, / Ай талаада жүргөн кез, / Аманат … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…л эсебин алганда, / Жанбашың жерге тийгизип, / Жай аласың ошондо, - / Айчыгы алтын кызыл туу, / Асмандата аштады, / Айсарала алкынып, / Алакең жолду баштады, / Тырмактай чырым алганы, / Тизгинин бура тартпады, / Ат жабдыгы жаркылдап, / Айкөл жүрдү балкылдап, / Артыкча сүрдүү көргөнгө, / Артында колу калкылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Бирин-бири көпсүнтүп, тырмактай немени кыртышы сүйбөй, териси тарып кеткен сыяктуу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →