тырма
- Тырмак менен тытып алуу, кашуу.
- Тырмоо менен жыюу, тырмоо тартуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ип суу чыгып, / Кайнаган суудай тызылдап, / Бүткөн бойдон буу чыгып, / Катындан болуп арамдык, / Кылганын билип жамандык, / Сойулуп тери кеткиче, / Карта-курта тырманып, / Кийимин кийип камданып, / Тышынан каба курчанып, / Жоо-жарагын колго алып, / Таңга жакын болгондо / Үйдөн чыкты чубалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арстан Манас кеп айтат: / — Келчи, Баймат, — деп айтат, / Тырмап койчу шилимди, / Кычышкансып баратат, / Шашылып Баймат жетиптир, / Көрө койуп балтаны, / Кокуйлап коркуп кетиптир: / — Айкөл Манас жолборсум, / Кычышты деп ойл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эркин жатып таң атып, / Уйку канып эт тырмап, / Кербендердин үстүндө, / Кеңири ойноп жан жыргап, / Эчтеме жок эсинде, / Шаарда жаткан кезимде, / Сулайматтын желдети, / Келип жетти кечинде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жергелүү киши сен болдуң, / Азып келип элимден, / Амалсыз Чүрөк мен болдум, / Билгиздиң, Кыйаз сен мага, / Олжо катын болгонум, / Таластан келген Айсалкын, / Жалгыз ошол тырмаңдап, / Өзүм кестим киндигин, / Ошондо анык билинди, / Менин элде кемдигим!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чымын конгон ысыкта, / Чыдабай эти кычышса, / Тырмагандай артынан, / Как ошончо билбеди, / Кадигине илбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →