тыракта

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Эби-сыны жок тыраңдап оюн салуу.
  2. Обу жок чойроңдоо, негизсиз, обу жок асыла сүйлөө, тантыроо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Балтаңды, Чубак, ал, — деди, / Башын кесе сал — деди, / Эшик эндүү ай балта, / Чубак колго алганы, / Айры шили, кара куш, / Керилип чаап калганы, / Керилип чапкан чоң балта, / Уңгусунан орноду, / Суурар айла болбоду, / Нары тартты сырактап, / Бери тартты тырактап, / Чыкпай балта койгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Кармап тартып ала албай, / Көзүнө чылбыр өткөрүп, / Белине салып көгөрүп, / Мажик тартты тырактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кумсар сенден кем эмес, / Эми менден, сулуу кыз / Кете албайсың ыраактап, / Байтал төшөт изине, / Секирген менен тырактап, / Мен угайын кебиңди, / Чыныңды айт ырастап! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Айгырлары аңгырап алыша түшүп, бири-бирин тырактап куушуп кетет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →