тыпылда
- Тып-тып этүү (мис. тамчы, көз жаш).
- Кичинекей, чакан, жыйнак көрүнүштөгү кыймыл-аракетте болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошо кезде Кыйазды, / Карап турса Кутубай, / Кара жанга күч келип, / Тер тамчылап тыпылдап, / Сүйлөйүн десе тил келбей, / Ыйлачудай кыңкылдап, / Айчүрөк учуп кетет деп, / Токтоно албай кыпылдап: / — Ой, Кутубай курбалдаш, / Калыссың, айтчы, сөздү ылгап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →