тыным

китептерде 137 жолу, 9 китепте
  1. Дем чыгарып, дем алган убакыт, бир аз убакыт.
  2. Эс алуу, тынч алган абал.
  3. муз. Музыкалык чыгарманын бир же бир нече үнүнүн белгилүү бир убакытка токтоп, тыным алышы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ушул бүгүн Бекбача, / Алтымыш бирде мүчөлү, / Агам Асыл өлгөнү, / Отуз алты жыл болду, / Бир күн тыным албады, / Атактуу Манас айкөл шер, / Мен барган жерге барбады, / Тирүүлүктө Бекбача, / Калганы жок арманы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түндө чырым албады, / Түнүндө чатак салганы, / Күндүзү тыным албады, / Сайышкан бирден балбаны, / Өтүп барат далай күн, / Бешөө келип чогулуп, / Бир баланы албады, / Кезектешип беш каапыр, / Бирден-бирден барбады, / Күндө уруш чуу менен, / Жердин бети чаңдады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күчала жеп катыны, / Үйдө өлдү селейип, / Дабытайдын тактасын, / Тапшырып берип бирине, / Кененим шаардан аттанды: / “Кайда кетти Дабытай, / Бир күн тыным албаймын, / Аны таап баш албай, / Таласка барып кыргызга, / Айтып койуп журтума, / Андан кийин жөнөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кара дөөдөн кеп алып, / Кержекти минип аттанып, / Токой жөнөп алыптыр, / Түн уйкусун бөлүптүр, / Күн тынымды койуптур, / Бешинчи күн дегенде, / Жеткен жери токойдун, / Кең кол ата болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бул экөөндөй кыйын жок, / Күнү-түнү тыным жок, / Ойрот кылыч чаптырбай, / Сомбилек кылыч кактырбай, / Эбегейсиз урушту, / Эпсиз болгон жумушбу, / Кабуусун таап чоң Ойрот, / Сомбилектин кылычын, / Как белинен сындырды, / Эми жеңип алам, деп, / Анда Ойрот жылмайды, / Сомбилекте жарак жок, / Ичи жалың, боору чок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →