тынык

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Тынч алуу, жайлануу, эс алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тынык болсун санааңыз, / Сейтек менен Кутубай, / Жанаша турса сүйлөшүп, / Аликенин кулдары, / Ач билектен ала албай, / Сатикенин кулдары, / Этектен сүйрөп бара албай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аттан тынык санаасы, / Алактаган баланын, / Ашыкканын карачы, / Душман десе турабы, / Бекбачанын баласы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ашууда жүк көтөрүп келе жатып, тыныккан немедей Бейшемби менен Элебес, эки жерде сумсайып, жымжырт тартып отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Солдат бир кезде баарыбызды тинтип бүтүп, олжого карык болуп алгандан кийин, өзү мындай бир четке чыгып тыныгып бопорос тартып алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир түнү тыныгып жатканда мырза жигит балага: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →