тынчы
- Тынчтануу, тынчып калуу, тынч алуу, жайлануу, басылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бешимде кетти жаш баатыр, / Күүгүмдө келип атты ок, / Күндөкүдөн күчтүүрөөк, / Күндө уруш тынчы жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ар эки жагы дап берип, / Аралаша бөлүнүп, / Арасында баатырлар, / Анда-санда көрүнүп, / Кечилдин ханы Коңурдун, / Көзүнөн жалын төгүлүп, / Жарлык кылып бакырып, / Жаңылап черүү чакырып, / Какандын элин тынчытпай, / Айжанжүңдү баш кылып, / Айдады бүткүл жапырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тынчы кетип Чүрөктүн, / Толгоо келип кыстады, / Кастык кылчу катындар, / Жакындашып ыктады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Угуп турдуң сен өзүң, / Аргымак менен тайганга, / Айткан менен ант сөзүм, / Жол бер десем үн чыкпай, / Мен жатсам мында дым чыкпай, / Убалы кимге кыргыздын, / Урушса маңгыт тынчытпай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Күн ысыганда ого бетер тынчы кетип, куйругун шыйпанып, чычаңдап, сайгак-тай баштады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →