тынар
- Куштун абдан кыраан түрлөрүнүн бири.
- өт. Жөлөк, таяныч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өлгөн адам жер толуп, / Аккан канга сай толуп, / Адырга жылкы-ат толуп, / Кузгун чукуп көз ойуп, / Киши этине жабылып, / Учарлыктан тынарлык, / Баары келип чогулуп, / Кажырлар учуп калдаңдап, / Канаттары далбаңдап, / Айры куйрук, кулаалы, / Учуп жүрөт салбаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…лам, — дейт / Карманап менен хан Манас, / Экөө экен куда, — дейт, / Кудалыктан экөөнү, / Кыламын такыр жудаа, дейт, / Доңуздан бетер коркулдайт, / Тегеле көңүл тынар сөз кылбайт, / Чалып салар каманбы, / Кетирди маңгыт амалды, / Аттанып жөнөп келемин, / Эр Манаска баргалы, / Жиберди мени Карманап, / Ошого кетип барамын, / Ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдынкы сынын караса, / Чубар десе эп келет, / Арка жүнүн караса, / Тынар десе эп келет, / Ырысына караса, / Майпоз десе эп келет, / Канат сынын билгенге, / Жапкан ат десе эп келет, / Көз жалынын билгенге, / Келтебоз десе эп келет, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Же тууган балам болбосо, / Карап жүрөм кимге — деп, / Калган кыргыз мейли — деп, / Акун хандын шаарына, / Учуп кетип тынарбы?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…стен там салган, / Кылымда өжөр бул элден, / Гүлкакыдай кушту алып, / Чыңыртып туруп Чыңгышты, / Чыныкени кошо алып, / Жүйрүндүн тилин сууруп жеп, / Учарлыктан тынарлык, / Агыны дайра чыккан чөп, / Баарынын тилин билиптир, / Түгөнбөгөн олжо алып, / Андан кийин Таласка, / Батыш менен чыгыштан, / Канчасы келди кур алып, / Бирине…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →