тыкылда
- Тык-тык этүү.
- Бышык, чыйрак сүйлөө, тың, илбериңки кыймылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– / Ителгидей кара көз, / Ирмебестен жаш кетип, / Кийин тура берди эле, / Бүктөй кармап камчысын, / Аккангынын кашына, / Тыкылдатып турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Айнекти сындырбай, босого жаккы көзүн акырын тыкылдатып тур, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →