тыкан

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Жүргөн-турганы, иштеген иши ж.б. тың, жыйнактуу, чыйрак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Акылга тыкан Деркенбай, / Жеткен жерде тил алып, / Элөөсүз кабар таратып: / “Эркек-айал дебестен, / Четте чыккын тең качып, / Утур келген кишиге, / Ак калпак деген кеп айтып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алмамбеттин белегин, / Акылга тыкан асылын, / Белекке койгон нерсесин, / Кийин көрөт Гүлчоро, / Ал буйумдун керегин, / Жакасын алтын жеңи жез, / Арка этеги кызыл миз, / Эки каптал ак күмүш, / Ал тонду кийген адамга, / Арзан эмес мүшкүл иш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →