тыйын1
- Бир сомдун жүздөн бир бөлүгүнө тең келген акча бирдиги.
- сүйл. Жалпы эле акча каражаты, теңге, пул.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…астырып барбагын, / Бүгүн-эртең басам, деп, / Ашыгып дүрбөөн салбаймын, / Өзү эле келет тийишип, / Өкүмсүп жүргөн калмагың, / Сайып алган Көңтөйдөн, / Бүлдүргө тыйын албадым, / Катышып калса кол салып, / Айанып тура албаймын, / Кара жаным сактанып, / Баш катып туруп албаймын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көз жеткис мейкин жери бар, / Тыйын чычкан, сары арыс бар, / Толкуган нечен көлү бар, / Заңкайган канча тоосу бар, / Адырда терең коосу бар, / Чубама кыйа жолу бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эшигиңдин алдына, / Ай сайын келет бир миңден, / Бир тыйын сенден албаймын, / Күдөрүң үзбө сен менден!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бул тууралуу биздин бир тыйынча жазыгыбыз болбосо да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир жыл бою талаалап жүрдүң, бир тыйын тапкан пулуң жок.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →