тый
- Жол бербөө, токтотуу, коюу, уланышына жол бербөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мабу жерде үч урук, / Айтышыңча, Мадана, / Бүгүнкү күнү түш менен, / Аттанат аскер чубуруп, / Саатына кетип Шооруктун, / Кетет экен кан агып, / Санаксыз киши кырылып, / Келген экен бул иттер, / Коросон, ооган, жедигер, / Калбай баары жыйылып, / Мындан кийин бул үчөө, / Келгис болсун Таласка, / Кан буугандай тыйылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…үрөгүн ала жүгүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаңдап, / Жонунда жоор тери жок, / Аттары келет кыйшаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…/ Жолдошторун сынады, / Арстандык түрү тарады, / Азаматтарын сынады: / — Жаактууда жанашпас, / Таалайың адам талашпас, / Тыңдуусунуп тиркешип, / Тилдүүдө бирөө тыйа албас, / Арзандык менен бул тонду, / Кыргыздын уулу кийе албас, / Бий болдуңуз, ажым, — деп, / Бийлик тонду алың, — деп, / Кыпкызыл түлкү жакасы, / Кара баркут…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Суркойондой күлүктүн, / Соорусунан сылады, / Көзүнүн жашын тыйбады, / Как какшап жана ыйлады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Катындардын бышакташын көрсөң эми көр: Кантыке деген бир аял биз келгени көзүнүн жашын тыйбады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →