тызылда
- Тыз-тыз этүү. (мис., ачышканда, катуу үшүгөндө ж.б.).
- Буту-бутуна тийбей тез жүгүрүү, тыз коюу.
- өт. Ичи күйүү, абдан капаланып кейүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…нжудан тамганы, / Эр Бекбача баатырдын, / Бүткөн бойу жыйрылып, / Дүр-дүр этип чыйрыгып, / Кырс-кырс этип үн чыгып, / Исиркектенип суу чыгып, / Кайнаган суудай тызылдап, / Бүткөн бойдон буу чыгып, / Катындан болуп арамдык, / Кылганын билип жамандык, / Сойулуп тери кеткиче, / Карта-курта тырманып, / Кийимин кийип камданып, / Ты…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…еп, / Көз кыйыгын салбады, / Кетенчиктеп бүгүлүп, / Келиндердей жүгүнүп, / Кандыргалап бүгүлүп, / Катындан бетер жүгүнүп, / Бели ооруп зыркырап, / Тизеси жоруп тызылдап, / Тарамышы түйүлүп, / Муундары тырсылдап, / Чөйчөктөй көзү жайнады, / Минтип шору кайнады, / Антип–минтип кыйшаңдап, / Арстан Манас баашанын, / Чатырына барга…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Киши көрсө тызылдап, / Мөңгүдө улар чакырса, / Бадалда элик бакырат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Менин бети-башым билектерим тызылдап калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– деп кандын жигиттери койчуну тызылдатып кууп калышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →