туяк

китептерде 18 жолу, 3 китепте
  1. Малдын бутунун жерди басуучу мүйүздүү бөлүгү.
  2. Малдын башы.
  3. өт. Бала, эркек бала.
  4. сейр. Бүркүттүн тырмагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бирдеше келген кол болсо, / Бир сүйлөшүп көрсөкчү» — / Деп, айтканда Сары хан, / Макул көрдү Бакай хан / Анда баатыр Гүлчоро, / «Өзүм кабар алам,» — деп — / Суркоен башын чулгутуп, / Туяктан чаңын бургутуп, / Колго кар жөнүндү, / Элестетип дөбөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Өзүңөр билесиңер, көчүрүп жеткиргендей менде жалгыз аттан башка туяк барбы, айланайындар! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир малдын басып кеткен туягына бир кара төлөйбүз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Нечен ажыдаарлар, тулпардын туягын чагып өттү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Атты ала баканга аса байла, төрт туягы булганып, конок капа болбосун, төрт туягын сыйпалай таза байла, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →