туюк
- Ары карай жүрүүгө мүмкүн болбогон, капталган, бүтөлгөн, ачык эмес.
- Ачык эмес, даана эмес, жашырын.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Эми чыны менен карарып алган элдин түрүн сезип, өздөрү да ашуудагы туюкка камалгандай бир жагына чыга албай, айласы кетип турган сыяктуу эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кан менен аялы көк уйду туюк союп, Жагалымды өлтүрүп ага салып, оозун бекем бууп, көлгө салып жиберишет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– деп туюк гана сурайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →