тушоо1

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Тушамыш, тушалган абал.
  2. Бат бассын деген ырым менен жаңы баскан баланын бутуна байланып кесилүүчү жип.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кылчайып артын карады, / Бутунда тушоо, колдо аркан, / Куйкасынан сары суу, / Таманынан кан аккан, / Турган экен бир адам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
бешимге келгенде, / Ордунан турду Кутургур, / Сындырымга тогуз күн, / Сыргакка салган Тоосур ат, / Тоңурчуктап туралбайт, / Чылбырынан кармады, / Буттан кишен тушоону, / Башынан жүгөн алганы, / Жетим тайдын күр жылга, / Туруштук берчүү көп малга, / Көз ачкынча жалмады, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Такыр болуп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →