тушма-туш
- Дал тушуна келген, даана тушташ келген абал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…стан, / Тартынбайлы ойлоңор, / Коркпогун өлүп калыштан, / Тартынар кыргыз эл эмес, / Өмүрлүк кыргыз чабыштан, / Таласка жылып баралы, / Туруп бербей чогулуп, / Тушма-туш уруш салалы, / Чыканак жерге салдырбай, / Чырым уйку алдырбай, / Чын мүшкүлдү салалы, / Жерге эгин салдырбай, / Оторго малын жайдырбай, / Токойдон отун алдырба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тотой менен Сейити Маңдайлашты тушма-туш, / Аты-жөнүн сурабай, / Адыраңдап чоң Тотой, / Ачуусуна чыдабай, / Чокморун күүлөп имерди, / Оро-пара Сейитти, / Чокуга тартып жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →