туу1

китептерде 566 жолу, 10 китепте туу 2 →
  1. Аскер бөлүгүнүн, бирикмесинин, мамлекеттин, кандайдыр бир уюмдун ж.б. эмблемасы катарында эсептелүүчү, белгилүү бир же бир нече түстүү, бетинде жазуусу, кооздуктары ж.б. бар, жыгачка бекитилген кездеме.
  2. өт. Кандайдыр бир топтун, уюмдун ж.б. бирдиктүү аракетинин негизи болгон жетекчинин идеясы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…кен жерде Йобалы, / Козубекти тумактай, / Томолотту атынан, / Ак ала сакал кары деп, / Өлтүрөт экен аны деп, / Топчу кулак кер атчан, / Ыргып минди Бактыбай, / Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйалдуу чоркоктор, / Башаламан чуу бо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ар жагын, / Кыйамат кайым болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олжого кеткен Чүрөгүм, / Бойунда бала барлыгын, / Ошондо билип жүргөмүн, / Эркек тууса болду деп, / Жылдарды санап күйгөмүн, / Үмүтүм болуп Чүрөктөн, / Ан үчүн өлбөй жүргөмүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сан кыргыздын ичинен, / Баатыр чыгып ылганып, / Туусун тигип жатканда, / Мелжиген кыйын мергенин, / Белдүү кыйын эренин, / Экөөнү катар бир атып, / Жер жаздантып сулатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →