туучу
- Туу көтөрүүчү, туу көтөргөн (киши).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чыйырдынын келиптир, / Толгоо келип туучу ай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кула тайды сен уксаң, / Мана мындай жайы бар: / Өз малымда короомдо, / Куу чаар бээм болчу эле, / Үч жылда бирден туучу эле,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кутубай айткан түндөгү, / Ойунан кетпейт жаман кеп, / Анда Чүрөк мындай дейт: / — Төрө Кыйаз эр болсоң, / Туучу катын мен болсом, / Салтыңа жаман ат калат, / Жаныман чыкпай сен койсоң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кыздардын жайы ал эле - / Өтүп кеткен учурда, / Кайыпчал деген бар эле, / Өзү адам баласы, / Алганы пери кызы эле, / Ар жылы болуп бойуна, / Бирден сулуу туучу эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кыз балбанды шер Гүлүс, / Бир имерип карады: / “Ургаачынын шери экен, / Пейли сүттөн ак экен, / Алган эри жарашса, / Жалаңгыч туучу бала экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →