туурул
- Кесилип, жарылып кетүү, туурук-туурук болуп кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жардын боору туурулуп, / Үйдөй болгон боз чалма, / Сууга түшүп журулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Кош эми,— деп туурулган колун сунуп, ошо жерден таман ообой туруп жана: — Эми качан кетесиңер?— деген суроо берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →