туурук
- Бети-баштын, кол буттун куудурап жарылып кеткен жарыгы, майда-майда болуп кесилип, туурулуп кеткен кат-кат тилик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Илгерилеп барабыз, / Издеген киши кез болсо, / Андан артка жанабыз, / Карап көрсө Бекбача, / Бек кыйналган киши экен, / Колдорду туурук кесилип, / Тамандары тешилип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Кары-жашы кыргыздын, / Калкы билет экен, — деп, / Эркек-айал-ургаачы - / Жалпы билет экен, — деп, / Чигитей мага күйөт, деп, / Мен жүрүпмүн бекер, — деп, / Туурук таман эски күң, / Алтайга кайра барармын, / Сапса кылып саргартып, / Айдап сени салармын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →