туурда

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. сейр. Тегерегинен кетпей, алыстабай айланчыктап жүрүү, тушунан кетпей аңдып жүрүү, сагалап акмалап жүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Туурда куштай кагынып, / Туралбай Сарык чамынып, / Ок өтпөскө жасалган, / Олпок тонун жамынып, / Хан Бакайдан бата алып, / Ак калпак кыргыз алаштан, / Алымсарык аттан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Туурасы ташта түгөнүп, / Мукураган тулпардай, / Жетилбей канат-куйругу, / Туурда олтурган шумкардай, / Тактасында Тапан хан, / Закым учуп чөл болуп, / Башы айланып көз тунуп, / Мелтиреген көл болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Улам –улам чыртылдап, / Калдап көзүн бүлбүлдөп, / Туурда туруп ак шумкар, / Күйпүйүп кетти бек жүдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ал күнү токойдун ичинде жашынып жатып, эртеси Асан алтын туурда олтурган булбулду алып, келинчегине келип, үчөө жөнөп кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →