туура2
- Жалган эмес, чын, чындыкка негизделген, чындыкты көрсөткөн.
- Чынчыл, калыс, түз, эч тарапка кошулбаган.
- Жаңылыш эмес, ката эмес.
- Ылайык, ылайыктуу, төп.
- Дал, нагыз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ашыктырып катынын, / Болгун ылдам, куйгун, — деп, / Атама мурун сунгун, — деп, / Өзүм туурап ийейин, / Кийиктин боорун куургун – деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир күн мейман кылышып, / Музой Калча көтөрүп, / Жалгызектин алдына, / Туура тартып турушту, / Бүркүттү алып чыгышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мен ыраазы, хан Кыйаз, / Белиме туура бел кылдым, / Ажыратып ат, тондон, / Семетей менен чоросун, / Баары жактан кем кылдым!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— деп старчын туурадан чыкты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →