туура1

китептерде 232 жолу, 10 китепте туура 2 →туура 3 →туура 4 →
  1. Бир нерсенин эни, эки капталынын аралыгы, жазылыгы.
  2. Узунунан эмес, көлдөлөңүнөн.
  3. Каптал тарап, эки жагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ашыктырып катынын, / Болгун ылдам, куйгун, — деп, / Атама мурун сунгун, — деп, / Өзүм туурап ийейин, / Кийиктин боорун куургун – деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бир күн мейман кылышып, / Музой Калча көтөрүп, / Жалгызектин алдына, / Туура тартып турушту, / Бүркүттү алып чыгышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мен ыраазы, хан Кыйаз, / Белиме туура бел кылдым, / Ажыратып ат, тондон, / Семетей менен чоросун, / Баары жактан кем кылдым! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— деп старчын туурадан чыкты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →