тууралан2
- Кергиштөө, каршы экендигин билдире жактырбаган кыял көрсөтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара бойу далбаңдап, / Кара темир калканы, / Капталында калдаңдап, / Качырып кирди Асылды, / Этектери далбаңдап, / Пилге минип жүрсө да, / Эшек минип алгансып, / Эки буту салбаңдап, / Тайган кууган кийиктей, / Таноолору барбаңдап, / Күзгү кирген букадай, / Туураланып дардаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бир денеде эки баш, / Ары-бери кылжыңдап, / Бир денеден төрт кол бар, / Ар тарапка арбаңдап, / Кишиге окшош буту эки, / Жүгүрүшүп тарбаңдап, / Туураланып жөнөсө, / Үрккөн төөдөй тайраңдап, / Курсагы чыгып чердейип, / Мойнун силкип калжаңдап, / Көккө тойгон уй, торпок, / Таначардай дардаңдап, / Кутурган иттей арс…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…оозу ыржыйып, / Кулагы пилдей калдаңдап, / Этеги кетип далбаңдап, / Боосу узун үзөңгү, / Эки буту салбаңдап, / Таноосу көөп кетиптир, / Текечердей барбаңдап, / Туураланып айкырып, / Аңги эшектей дардаңдап, / Ой-тоону койбой жымырып, / Оп тартчуудай оозуна, / Көзү туман бүлбүлдөп, / Өзүнчө сүйлөп күдүңдөп, / Найзасынын учунан, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →