туур
- Алгыр куштарды кондуруучу жыгачтан жасалган атайын отургуч.
- Орун алып, жай алуучу жери, барар жери, конушу.
- өт. Негиз, таяныч, түп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Кененим: / Семетей бабам колдо, — деп, / Абам Гүлүс жолдо, — деп, / Карыйа Бакай кайда, — деп, / Умай энем Каныкей, / Көгүчкөн болуп кубулган, / Көйкапта кохар тууру бар, / Айчүрөк энем канаке, / Жаадыма түштүң силер, — деп, / Сыйынамын медер, — деп, / Анык кайып болгондор, / Жардамы болсо берер, — деп, / Айабаса ат -тонун,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Азыр алты миң болгон, / Байлыгы журтка дүң болгон, / Көңүлү калып казактан, / Козголуп чыгып бер жакка, / Келет окшойт сиз жакка, / Көргөн түшүң төп болсун, / Тууруңа сыймык бак консун, / Жорудум сенин түшүңдү, / Азырети Жусуптун, / Арбагы колдоп кут болсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атың Сейит болгондо, / Кененим шердин уулусуң, / Ак калпак кыргыз туурусуң, / Атагы алаш элинин, / Арка тирек муунусуң, / Атыңды угуп, Сейитим, / Жазылды эми курушум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…десе эп келет, / Ырысына караса, / Майпоз десе эп келет, / Канат сынын билгенге, / Жапкан ат десе эп келет, / Көз жалынын билгенге, / Келтебоз десе эп келет, / Туур сынын билгенге, / Ыбыкыз десе эп келет, / (Табын тапсаң күндө кыз, / Табын таап салбасаң, / Мээлейиң алып көтүң кыс) / Бүркүтүмдө такыр бар, / Мунун бирөө кем …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Асманда учса куу эле, / Адамдан чыккан сулуу эле, / Ак шумкардын тууру эле, / Алп Семетей жубу эле, / Адамзаттын нуру эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →